Күндөрдүн биринде, эл катары ар кайсы банкты аралап жүрөм, насыя алсамбы?-деген ойдо... Баардык банктар жакшы маалымат беришип, бирок 33-35 пайыз менен насыя бергендери мага жакпай, акыры Аманбанкка кирип калдым, ичинде бир жан жок, эшиктерди ачкылап, тирүү жан издеп бара жатам, төр жактагы эшикти тартсам, чоң бөлмөдө, өзүн тыкан кармаган, классикалык стилде кийинип алган, ак кофтасынан алмадай тикчийген төшү көрүнүп, эмчек тарткычынан ташып төгүлүп кетчүдөй араң турган отуз жаштын тегерегинде, бир караганда оруска түспөлдөш болуп кеткен сулуу келин учурап калды.

-Саламатсыз? Кириңиз,- деп учурашып, өзүнө тарта карады... Ийкемдүү барып саламдашып, насыяны кандайча алсак болот? - деген суроомо, тиги келин шашпай жоопторун бере баштады.



 Кыпкызыл болгон эриндерине, апаппак болгон анын чырайлуу жүзү, ичке тарткан моюну, анан дагы кофтасын тиреп турган эмчегин даана көрүп, байкап, тер басып, толкундана, теше карап калыпмын.



 Бир аздан соң,



 -Сизге түшүнүктүү болдубу? "Ааууу"- деген үнү кулагыма жеткенде, шаша-буша,



 -Ии ооба, сиз кыргызча абдан жакшы сүйлөйт экенсиз, азаматсыз!- деп мактай кеттим, көрсө ал татынакай митиска экен. Мактоо жарашат экен периштеге. Ал рахматын айтып, түшүнбөгөн суроолоруңуз болсо, бул телефонго кайрылыңыз деп жумушунун номерин бир кагазга жазып, колума карматты.



-Кечиресиз, балким өз номериңизди да берерсиз? -деп суроо салганымда, мени бир тике карап калды, түшүнбөгөн тур көрсөтүп. Сиз аябай жакшы түшүндүрүп бердиңиз, башка жактагылардан эч нерсе деле түшүнө алганым жок, ошол себеп эле сурап жатканым деп жалооруй бердим. Ал кыздын күлкүсү чыгып, кагазга бакырайта номурун, аты-жөнүн кошо жазып колума карматты.



-Саламатта калыңыз деп, эшикке чыктым да, бул менин номерим деп смс жазып койдум.

Кечинде телефонду карасам андан тааныдым деген жооп келиптир.

Жүрөгүм көкүрөккө батпай, көөдөнүм көөп, денем дуулдап, анын ширин күлкүсү менен көз карашы, жылуу сүйлөгөнү, нымдалышкан эриндери, кофтасынын үстүнкү эки-үч топчусу топчуланбай, төшүнүн чоңдугунан эркин койгон көкүрөгү көз алдымдан такыр кетпей, эсим эки болуп, баары ошол бийкеч болуп калды.

Эмне болсо ошол болсун деп, акыры батынып, 

-Кечкиге эмне пландарыңыз бар, бош элесизби? деп смс жазып койдум. Жообун кечке күттүм, жазабы жокпу деп оюм ар нерсеге илинип, аны менен жолугууну самап жатат. Кантейин кумар деген ошондой жетелеп алса коё бериши оор нерсе эмеспи.

Ал жумуштан кийин бошмун деп кыскача гана жооп берди. Бирок ошол жообу мен үчүн миңдеген сөздөрдөн артык эле, кубанычым койнума батпай,

-Мүмкүн болсо кезигип, кааласаңыз киного, кааласаңыз кафеге барып келсек болобу? Сураныч, сунушумду четке какпай, мен байкушка бир шанс берип коюңузчу деп жалбарып ага жаздым.



Ха, ха четке каксам эмне болот? деген билдирүү келди телефонду шыңгыратып. Жанталашып жооп жазууга кириштим.



Четке каксаңыз, насыя алам деп жүрүп бир шорду, банкта иштеген бийкечтен кагуу жеп, күйүтүнө чыдабай жан таслим болуптур деп окуп калышыңыз мүмкүн. Суранычымды четке какпай, бир шордуга макул деп коюңузчу деп кайра жаздым.



Макул анда эмесе, эртең кечинде деген смс келгенде, телефонумду көкөлөтө ыргытып, Рахмат сизге деп миң жаздым.



Ошентип эртеси кечке жуук кезикмей болдук, жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, дос катары, же сүйгөн киши катары кабыл ала албай кыжалат болдум. Жаман деле ой жок, сүйлөшүп бир аз алаксып келээрбиз, мейли жазган соң мени чанбас деп, кезигүүнү пландап ага телефон чалдым. Эртеси жумушу бүтчү маалда банктын алдына бардым. Бир кезде телефону шыңгырап бир кафенин атын айтып ошол жакта мени күтүп жатканын айтты. Мындайда такси да жүрбөй калат. Жанталашып жолдун кесилиши көздөй чуркадым, кол булгалап такси кармап. Айткан кафеге жетип бардым.



Кафеге кире береримде, жүрөк төштөн чыгып кетчүдөй апкарам. Кирип барып эки жакты карай баштадым. Отурат периштем. Мени карап жылуу жылмайып, колун булгалап алды. Жанына барып отуруп, ага жагынууга аябай аракет жасап жаттым. Эмне кылайын баш-отум менен жетеленип калсам. Аркы берки сөз баштап ага жакын болууга аракет жасайм. Жаксам экен деп элпеңдеп ар кайсыны кеп кылып, анын сүйлөгөнүн угуп, ырахаттанып отурам. Барган сайын каалоом артып, ошол жерден баса калгым келет. Тикчийген эмчектерин айма, денесин калтырбай өпкүлөп, амын жала десе жалап, кумарга батырып, айтканын кылып түбөлүк аны сикким келет. Кантейин, кантейин.

Анын ушунчалык келишимдүү келбети, узун тарткан чачтары, ак жумал жүзү жана бир жеринде ашыкча эт болбогон фигурасы мени мүнөт сайын арбап барат. Дүүлүгүп барам, күйүгүп барам. Ошончолук катуу сезимге төрөлгөнү кабылган эмес элем.



Тамактанып бүткөн соң, мени узатып коёсузбу деп үнүн акырын чыгарып мага кайрылды. Жанымда кол жетимде турган периден кол жууп калгым келгени жок. Коё бергим келбей отурам, айласын таппай. Кимдин эле коё бергиси келсин, өмүрдө бир болчу жомоктон ким эле кол жууп калгысы келсин. Киного барбайлычы? дегенден башка оюма эч нерсе келген жок. Назгүл жылмайып кеч болуп кетти, мүмкүн болсо башка күнү барбайлыбы? Киного деле барганды көп жактыра бербейм, эртең шаар сыртына чыгып келбейлиби? деп сунуш айтты.



Ошол замат макулдап, аны узатып эшикке чыктым. Такси кармап үйүнө дейре такси менен жеткирдим. Көп кабаттуу үйдүн подъездине кире береримде Рахмат үйгө чейин өзүм эле жетип алам. Эртеңкиге чейин саламатта болуңуз деп мени кайрып ийди. 



Уландысы бар. Жакын арада чыгарабыз.