Менин атым Дастан. Жашым 30да. Ош шаарында төрөлүп-өскөнмүн. Беш жыл мурун бир жеңемдин тапканы боюнча аялым Жыпар менен таанышканбыз. Эки жолу жолугуп эле анын ачык-айрым, шайыр, тамашакөй мүнөзүн жактырып ак той берип турмуш курганбыз. Аялым аябай түшүнүктүү, ыймандуу, кечиримдүү. .. 

Өзүм курулуш-материалдарын дүңү менен сатып соода кылам. Кудайга шүгүр жашообуз жакшы. Эч нерседен кемчилигибиз жок, элдин алды болуп жашайбыз. Ортобузда 4 жашар уулубуз Адилет бар. Турмушума ыраазы элемин. Албетте бул жашоодо ар кандай сыноолор, кыйынчылыктар болбой койбойт экен. Мындан 3 жыл мурун тынч турмушубузда Айдай аттуу балдызым пайда болуп, түзүк эле чыр-чатактар чыгып кеткен. 

Анда ошол окуяларды сиздерге башынан баяндап берейин... 

Үйлөнгөнүбүзгө эки жыл болуп, уулубуз жаңы гана талпынып там-тун кадам таштап калган кез эле. Келинчегим Жыпара күндө эле эртелеп жасачу буламыгын даярдап калды. Аңгыча дарбазаны бирөө каккылап калды. Тан эртелеп ким болушу мүмкүн? деп күбүрөнгөнчө барып каалганы ачтым. Маңдайымда жомоктогу периштелердей сулуу, чырайлуу селки турган эле. 

Суктанганча эле аны суроолуу карап калдым. Балбылдаган көздөрүн күлүмсүрөтүп: -Саламатсызбы? Жыпар эжемдин үйү ушул беле? деп суроо салды. Мен апкаарып араң эле башымды ийкегенге жарадым. Ары жактан Жыпаранын: -Ким экен? деген үнү угулду. Мен жооп бергенче эле кашымда турган сулуу үйгө өзү эле кирип кетти. 

Жыпар менен кучакташып өбүшө учурашып калышты. Мен дале эсим ооп тура бериптирмин. 'Ой ий аябай сулуу кыз болуп бой жетиптирсиң, эжемдер жакшы элеби? Качан келдиң? Айткандай, бул жезден болот таанышып алгыла - деп бизди тааныштырып калды. 

Көрсө ал ак-куудай келишкен сулуу Айдай аттуу балдызым болот экен.. Бул балдызымды мурда-кийин эч көргөн эмесмин. Көрсө Айдай кайын энемдин бир тууган эжесинин эн кенже кызы экен. Жыпардын бир тууган бөлөсү. Мектепти бүтүп эле окууга тапшырбай “иштейм” деп көгөрүп Москвага кеткен экен. Ал жактан жарандык паспорт алып иштеп көп жылдар бою келбей жүрүптүр. Ошондуктан биздин тоюбузда да, кийин да көргөн эмес экенмин. Жыпара эн жакшы коргон эжеси болот экен Айдайдын. Экөөнүн сөздөрүнөн ушуларды түшүндүм. 

Алдыбыздагы тамак муздап, эшикте күүгүм кирип калганча эже-сиңдинин сөзү бүтчүдөй эмес. Мен акыры уйкум келип дасторконго бата кылып, жакшы эс алуусун тилеп коюп кирип жатып калдым. 

Негедир жатсам көз алдыма балдызым келе берди. Кыткылыктап күлгөнү, чайды уфулдап үйлөп ичкени, апакай, назик, арык колдору, кайрылган кою узун кирпиктери, кызарган эрини, чийилген кара каштары, узун бою, кыпча бели, кундуздай кара узун чачтары...

 “Жезделеп” сүйлөгөнүн айт. Тили ширин, жагымдуу экен. Ушинтип ойлонуп кайра өзүмдүн ойлоруман уялып кеттим. Жыпарга бир тууган бөлөсү болсо да эч жери окшобойт экен. Жыпар тескерисинче толугураак, чачы кыска, кирпиктери кыска, бою кичирээк да. Бирок аялым экөөбүз бири-бирибизди сүйбөсөк да ортодо сый-урмат, жактыруу, жылуулук бар. Ыссык сүйүү ортобузда тутанган жок бирок. 

Кантсе да алоолонгон махабатсыз деле мамилебиз кудайга шүгүр эле, кээ бир үй-бүлөөлөргө салыштырганда тынчыраак жашайбыз. Казан-аяк кээде эле акырын кагышып калбаса, дээрлик катуу, жаман айтып урушканыбызды эстей албайм. 

Эми уктап бара жанымда Жыпардын кирип келгени уйкумду айдап салды. -Тим эле сулуу болуп бой жеткенин, аябай ширин кыз эле кичинекейинде. Айтмакчы биздикинде бир-эки ай жүрүп турса болобу? Айылда жүдөп кетем дейт. Бул жакта окууга документ жасатып тапшырып коёюн дейт. Анан дагы бир-эки курбусу турмушка чыгат экен тойлоруна барам дейт. Сенден сурабай эле макул болуп койдум эле... деп калды. 

-Аа, мейли, мейли. Кеңири жашай берсин. деп күңкүлдөп койгонум менен ичим заматта уйгу-туйгу боло түштү. Өзүмөн-өзүм сүйүнүп алганымчы тообо... 

Уктай албай толгонуп жатып бир топтон кийин араң уктадым ошол түнү. Эртең менен туруп жумушка жөнөп жатсам “жезде мени бир жерге таштап коюңузчу”' деп жылмайган балдызым алдыман чыкты. Мен “а макул, жүр кеттик” деп унаага олтурдум. Айткан жерине жеткирип коюп жумушума кеттим. 

Ал күнү кечке оюм Айдайда болду. Атына заты жарашкан Айдай сулуу... Эмне үчүн ойлорумдан кетпей калдын? Кызык, сен да мен жөнүндө ойлодуң бекен? Ооба, мен сен үчүн жөн эле “жезде”, бирок сени мен негедир жөн гана балдыздай көрө албай жатам, башкача сезимдер го негедир... 

Жүрөгүм опкоолжуп, туйлап, тыбырчылайт. .. 

Жумуштан келсем Жыпар менен Айдай мантуу түйүп олтурушуптур. Дагы деле божурашып сөздөрү түгөнчүдөй эмес. Мени коруп Жыпарым жылуу жылмайып жүзүмдөн сүйүп тозуп алды. Балдызым кылыктуу күлүмсүрөп карап башын ийкеп койду. Жүрөгүм ошондо ток ургандай булкунуп алды го чиркин... 

Сыр бербей кирип кийим которуп чыгып баламды ойнотуп калдым. Кечки столдо мантуу жеп олтурдук. Айдай кыткылыктай күлүп Москвадагы күлкүлүү окуяларын айтып жатты. Жыпар да чын дилинен каткырып олтурат. Мен Айдайдын сөздөрүн укпадым, телмирип анын сүйлөгөнүн, күлгөнүн карап эле олтуруп калыпмын. Кыраакы Жыпар мунумду байкап калып чыканакка түртүп: “ии балдызын жагып калдыбы ыя?” деп чымчый тамашалап калды. Мен да тамашаламыш болуп: “ооба да, сенден мурдараак көргөнүмдө Айдайды...” деп мылжыйып күлүп койдум. 

Аялым тултуңдап столду жыйнап жатты. Айдай биздин тамашалашканыбызга күлүп эжесине жардамдашып кирди. 

Жумушта да, үйдө да, уктасам түшүмдө, ойгонсом оюмда бир гана Айдай болуп калбадыбы?! Канчалык ойлордон качсам да “кылт” деп башыма келе калат... 

Бул эмнеси? Сүйүү болуп жүрбөсүн?! Кой, уят, акылына кел Дастан! деп өзүмдү жемелеп коём...



 



Уландысы эртең