Келинчегимдин артынан көп чуркадым, сүйүүмдү бир нече ирет билдирип, бирок дурус жооп ала албаган соң ага жетүүнүн бир гана жолу бар экенин билип, ала качып алгам. Жашообуз жаман болгон жок. Бири-бирибизди түшүнүшүп, мен аны сүйүп, ал мени сыйлап, уруш- талашы жок өмүр сүрүп жаттык. Эки балалуу болуп, балдарыбыз ортобузду мурункудан да жакындатып койду. Балдарды бакчага берип, экөөбүз тең иштейбиз. Кечинде чогулганыбызда биздин үйдө майрам. Бир бөлмөлүү кичинекей үй болгону менен ичинде чоң бакыт бар эле. Азыр деле бактылуубуз, бирок менин жүрөгүмдү эзип, күнөөлүү сездирген бир окуя, сыр болуп катылып келет.

Бир күнү кечинде жубайым кичинекей бала көтөргөн агамдын балдызын үйгө ээрчитип келип калды. Бул кайдан жүрөт дегенсип, тан кала караган мени, ашканага жетелеп барып:

-Жолдошу менен таарынышып кеткен окшойт, айтпай койду. Айылга кеткен аялдамада жалгыз отуруптур, ал жакка маршрутканын токтогону качан. Бараар жерим жок дегенинен ээрчитип келе бердим. Эртең жеңемдердикине жеткизип коёрсуң, бүгүн биздикине жатып алсың, -деди. Көчөдө жүргөн селсаякты эмес, кудача кызды ээрчитип келип жаткандан кийин жок демек белен. Макул болдум. 

Жылуу тамагын даярдап, келинчегим кудачаны жакшылап коноктоду. Балаңды көргөнүм деп колуна тыйын да карматты. Сыртка чыгып барып памперс, дагы бир керектүү нерселерин сатып келип берип, күйпөлөктөп эле жатты. Мунусу албетте, менин агам менен жеңеме болгон урматы экенин билип кубанып жаттым. Бирок мага кудачанын минтип жүрүшү жаккан жок. Көзү ойноктоп, шойкому бар келиндей көрүндү. Кыз кезинде эле көп басат деп угуп калчумун, ошонун азабынан күйөөсү үйдөн кууп салды го деген ой келди. Сыр бербей бир бөлмөгө тыгылышып жатып калдык. 

Жатаарда келинчегим:

-Эртең ишемби, бирок мен жумушума барыш керек болуп калды. Балдардын уйкусун кандырып, курсагыңарды тойгузгандан кийин, кудачаны жеңемдикине жеткирип кой. Балдар да чоң аталарын көрүп келсин, машинага салып ал, -деди. "Эл дем алса сен иштеп....." - деп бир сыйра күңкүлдөмүш болуп жатып калдым. Эртең менен келинчегимдин кайсы убакта туруп кеткенин билбей уктап калган экенмин. Акырын башымды көтөрсөм баары эле уктап жатышат. Мен да бир аз жата турайын деп кайра жуурканга башымды каттым.

 Менин ойгонгонумду билдиби, кудачам ордунан козголгондой болду. Кийинип алайын деп жатат го деп сыр бербей жата бердим. Жуурканым кыймылдап, коюнума бирөө кирип келе жаткансыды. Келинчегим кете элек турбайбы, убакыт эрте болгонунан кайра бир аз жата турайын деп жатат го деп ойлогонумча эле жылаңач бойдон кудачам коюнума кирип келсе болобу. -Эмне кылаарымды билбей калдым. Ордуман тургузбай үстүмөн басты:

-Эмне менден качасыз. Мендей сулуулар сизге жакпайбы, же аялыңызды эч кимге алмаштыргыңыз келбейби? Эртеден бери кантип ойготоорумду билбей араң карманып жаттым, сообума калыңыз да. Баары бир эч кимге айтпайбыз,- деп жылмаңдап көкүрөгүн мага такап, бети-башыман сылап жиберди.

-Кудача, бул эмнеңиз, ары болуңуз, балдар ойгонот,- -дедим шашкалактап.

-Эркек эмессизби?

-Эмнеге эркек эмесмин.

-Жапжаш келин өзү келип жатканда мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберген эркектик иш эмес да,- деп күлмүңдөп калды. Эркектик кумарга айла жок экен, чын эле жылаңач жаткан келинди көрүп делебем козголуп, жаман ой ээлеп алды. Ээн үй, балдар бейкапар уйкуда жатышат. Беш мүнөттүк ишти жасап койсом мени ким көрүп жатты эле, денем бошоп жыргап калбаймынбы. Анын үстүнө аялым дагы көптөн бери тазаланып жатам деп кумарымды кандыра элек болчу. Кармана албай келиндин ысык эринине эринимди тийгизип, жылуу жууркандын ичине каттым. Тим эле кыткылыктап, кылыгы шумдук экен. Денемди бүтүндөй дирилдете сылап, соймоңдогон тили менен көкүрөгүмдү кытыгылап, кулагыма каалоосун айтып шыбырап, эстен тандырчудай экен. Анын көкүрөк тарткычын жогору түртүп салдым дагы, кош мамагын мыжый кармап өпкүлөдүм Ансайын чалкалап, даярмын дегенсип белин ийип жамбашын которуп кылыктанат. Колу да ойноктоп ары жак, бери жактарымда уруксатсыз сойлоп кетип, "алигимди" мыжыга кармап алат. Баарын унуттум, баарына көз жумдум дагы кумарлуу кудачамдын эңсөөдөн сууланышып чыккан уячасына "уурулукка" кирдим. Бирди төрөгөн келиндикиндей эмес, тим эле ысык жери меникин кысып, түз эле бейиштин төрүн карай жетелеп бараткансыды. Кыймылыма кыймыл менен жооп берип, жамбашын көтөрө калып, бирде эки бутун белиме орой коюп айламды кетирди. Жапжаш туруп мынчалык азгырык экенин билбепмин. Жыйырма жашка чыга элек болсо да, төшөктө тажрыйбалуу аялзатындай экен. Улам акыштанат, балдар ойгонуп кетпесин деп оозун жаба калам. Бир топко чейин кумарлуу оюндун аягына чыккым келбей бар күчүмдү жумшадым. Жыргал деп ушуну айт, не бир түркүн ыкманы мага тартуулады. Денем балкып, жыргалым сыртка суурулуп чыгып, үстүнө шылк куладым. Ошондо да астымда жатып алып:

-Керемет экенсиз, аялыңыз бактылуу турбайбы,- деп мени мактап, келинчегиме суктанганга жетишти. Бир топко жатып калдык. Балдар дагы эле терең уйкуда жатышат. Тигини коюнуман туруп кетет го десем жок, бекем кучактап алып моюнуман жыттап, жыты сиңишкен жакынындай жата берди. Бир аз убакыт өтүп кайра каалоосу ойгонду белем:

-Балдар азыр ойгонбойт го баары бир, жүрүңүз, душка чайканып алалы, -деди.

-Экөөбүзбү?

-Анын эмнеси бар экен. Жүрүңүз, -деп колуман жетеледи. Уялып жатсам да анын жанында эркектик намысымды тепсетким келбей кошо турдум. Ваннага кирип сууну ырастаганымча ал илинип турган менин халатым менен келинчегимдин жуунгандан кийин кийчү халатын которуп келип калды. Экөөбүз душка чайкандык, ал денемди сылап жууп, "алигимди" кармалап, суунун астында денемен чоло койбой өпкүлөп, мен дагы анын аппак денесине суктанып отуруп кайрадан каалообуз ойгонуп кетти. Балдар жаткан бөлмөнүн эшигин жаап, душту ичинен бекитип алып, не бир түркүн кылыгына мас болуп кудачам менен дагы бир ирет жыргалга баттым. Душта мындай жыргал болоорун билбептирмин. Кадимкидей чарчаганымды сездим. Оюнубузду аяктап барсак деле балдар уктап жатышыптыр. Экөөбүз жакын адамдардай чогуу отуруп чай ичтик. Эмне үчүн сулуу, келбеттүү, жаш келинчегинин баркын билбей жолдошу кетирип жиберди экен деп ойлодум, сурай албадым. Ал өзү менин оюмдагыны сезди окшойт, суратпастан жооп узатты:

-Аялзаты мыкты ашпозчу, жакшы үй кызматкери, төшөктө керемет ойнош болуш керек деп айтылат. Мен ошондой болууга аракет жасадым, бирок күйөөм экөөбүздүн темпераментибиз эки башка экен. Ал менин ысыктыгымды жактырган жок. Ишенбей да койду, кызгана берди, кызгана берди. А мен эркексиз көпкө чыдап жүрө албайм. Чыдай албай кудалык деген тосмодон да өтүп кеттим, көрдүңүз го. Баары унутулсун эми. Мындан кийин көрүшпөгөнүбүз он. Бирок мага жактыңыз, - деп күлүп коёт. Балдар ойгонгондо аны баласы менен айылга жеткирип келдим да, дароо шейшептерди жуудум. Аялым болсо эч нерсени шекшиген жок. Кээде кудачам менен болгон жыргалды эстегенде ырахаттанып алам...