Инстаграмдан капыстан сени кезиктирдим. Көздөрүң баштагыдай эле азгырыктуу тигилесиң. Сүрөттөрүңдү барактап, эски күндөр эске түштү.



Анда сен ойлогонуңдан кайра тартпаган жан элен, мен студент курагым. Экөөбүз жолукканда ортобуз от менен жалын гана ойноп турчу. Көздөрүңдү бекем жумуп алып, таттуу өбүшүүнү өзгөчө жактырчусуң. Мындайда менин колдорум сенин жамбаштарына жабышып , а сен дароо эле чечингенге шашып, экөөбүз бат эле жылаңач жанга айланчу элек. Бул арада көздөрүң коюулашып, жай кыңкыстай баштайт элен. А мен сенин алмадай мамактарыңдын учунан жаш балача соруп, киндигиңди айланта тилимди тийгизгенде Онтогонуң, жалбарганың жанды чыгарып ийчү… Акырындык менен алакандай жерине жеткенимде мени баса калып ат чапканды жактырат элен. А мен сенин буттарыңды ийиниме азып алып иштейт элем. Экөөбүз бир топко бири -бирибизден ажырап чыгып кете албай, кайра эле башкача позаларды ойлоп таап бирде булут болуп калкып, бирде суудагы балык болуп туйлайт элек.



Ошол көп түндөр тасмадай тартыла берди. Жан дүйнөнү удургутуп, көөдөн ысып, уйгу-туйгу түшө баштадым. СМС жаздым.



— Салам. Күйөөгө тийдиңби?



-Салам. Тийдим. Бирок…



— Ажырашып кеттиңби?



— Ошондой десе да болот…



— Кызык экен...



— Мм



— Балким жолугаарбыз?



-Мм… Качан?



— Жума аягында…



— А эмнеге бүгүн эмес? — деп жылмайган смайлик жөнөттүң.



-Жок, мен шаарда эмесмин.



— Сиз дайыма ошондойсуз…



— Мен келгенде байланышайын ээ?



— Макул.



-Көрүшкөнчө…



Экөөбүз инстаграмдан ушундай смс жазыштык. Баардык пландарым унутула түштү. Кандайдыр бир минуттарга дендароо болгонсуп, кайдагы бир адашкан эски бакытка чөмүлө түштүм . Мындай ойлор мээмде көптөн бери болбойт эле. Бирок, кичине кыжаалаттык жүрөктү өйкөп турду.



«Эмне себептен ажыраштың экен? Балким, мага көнгөн жаның күйөөңөн ошол жылуулукту таппай, азаптуу таңдарды атырып, мөлт эткен жаштар жаздыгыңа тамгандыр… Сенин каалооң эбегейсиз эле… Кыялың да чорт болчу, чагылгандай чарт-чурт эте түшчүсүң. Ошондоюңан экөөбүз да далай уруштук ээ?» деген ойлор агыла баштады. Адамды жаралап жашайсың да…



Ооба, биз эми жолугабыз. Өзгөрдүң бекен? Баягыдай эле татымың бал ширин болсо… Кыялга батуу менен алыс аралыктан эле ушундай суктанууга эмне жетсин? Кайрадан эле көз алдыма энеден туума ойдолоктогон жылаңач денең тартылат… Туйлайсың да…